Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир топ нааразычылыктар менен коштолду. Айрыкча, көкпар оюнунда Кыргыз оюнчуларынын сабалганы тууган элдердин ортосуна бүлүк салгансыды. Казакстандын коомчулугу болсо, өзбек президентинин кош көңүлдүүлүгүн белгилеп, “ал киши биринчи эле күнү кол шилтеп кетип калды.
Негизи, Көчмөндөр оюндарынын кезеги Өзбекстанга келген болчу. Бирок, алар жоопкерчилик албай, кайрадан Кыргызстанга берилип калды”,-деп жатышат. Ошондо, Көчмөндөр оюндарынын мындан кийинки тагдыры эмне болот? Туран бирлиги “утопия” дегендердин чыгагына май тамгансып турат.