Депутаттар турак жай кыймылсыз мүлктү сатууда кошумча нарк салыгын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Талкуу депутаттардан баштап, курулушчуларды, серепчилерди жана башка кесиптин өкүлдөрүн ичине камтыды.
Мурда курулуш компаниялары 3 жылдык кошумча нарк салыгын төлөшкөн эмес болсо, эми аларга 12 пайыз салык төлөө сунушталууда.
Өткөн жумада депутат Айбек Алтынбеков региондор боюнча салыктын жеңилдиктерин ордунда калтырып, кошумча нарк салыгын Бишкек жана Ош шаарындагы курулуштар үчүн киргизүү сунушун берген. “Бул кичи шаарларды өнүктүрүүгө дем берет”,- деген ал. Ал эми Депутат Шарапаткан Мажитова өлкөбүздө батирлердин баасы асман чапчыганын билдирип, “эгер аталган салык киргизилсе, чарчы метрдин дагы да көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Анда, турак жай сатып алуу жаштар үчүн кыйындайт»,- деген ал.
Депутат Элдар Абакиров болсо, “азыр турак жайдын бир чарчы метри 1000 доллар болсо, анда КНСти эске алганда анын баасы 1120 долларга чейин көтөрүлүп, баа 560 долларга чейин кымбаттайт. Мындай абал жаштардын үйсүз калышын шарттайт”,- деп айтты.
Ошентсе да, экономика жана коммерция министрлиги турак жайдын баасы 12 пайызга кымбаттаарын билдирүүдө. “Бул мыйзам долбоору бюджеттин туруктуу кирешесин камсыздоо үчүн салык реформасынын бир бөлүгү. Ал эми мурда курулуш компанияларын КНСтен бошотуу менен аларды убактылуу колдогонбуз”,- дейт