Иранда өлкө президенти Ибрагим Раиси болгон тик учактын кыйрашынын жаңы чоо-жайын ачыктады. Ирандын президенттик администрациясынын башчысы Голам-хоссейн Эсмаили журналисттерге кеменин кыйрашынын жагдайлары жана андан кийинки окуялар тууралуу айтып берди. Ал президенттин тик учагы менен бара жаткан эки тик учактын биринде болгон. Эсмаилинин айтымында, учуу маалында аба ырайы нормалдуу болгон. Кырсык болгон Чыгыш Азербайжан провинциясында жайгашкан Сунгун жез кенинин аймагында булут каптап турган. «Балким, капчыгайдын түбүндө туман болгон эмес, бирок, учуу жолунда булуттар жогору болчу. Командири бизге бийиктикке жетишүү жана булуттардын үстүндө жүрүүнү улантуу боюнча көрсөтмө берди. Тик учактар бийиктигин жогорулатты жана болжол менен 30 секунддан кийин биздин учкуч президенттин тик учагы жок экенин түшүндү»,-деди чиновник.
Анын айтымында, алар бир жарым мүнөттөн бери байланыш болбогон президент түшкөн тик учакты издөөгө кеткен. Ошондо Bell 212 кыйраганы болжолдонгон. Алардын тик учагы Сунгун кенине келип конуп, дайынсыз жоголгон тик учак менен байланышуу аракеттери башталды.
Чалууга Ирандын Тебриз шаарындагы «Жума» мечитинен Раиси менен учакта болгон Сайед Мохаммад-Али аль-Хашем жооп берди. «Мен өзүмдү жакшы сезбей жатам. Эмне болгонун билбейм, кайда экенимди билбейм . Эч кимди көрбөй жатам, жалгызмын”- деди. Анын айткандарынан улам Bell 212 кыйраганы белгилүү болгон. Имамдын көзү өткөнгө чейин бир нече саат бою аны менен байланышта болушкан.