Туманбаев Профсоюздардын мүлктөрү менчиктештирилбей турганын айтты

Автор

Президенттин Иш башкармалыгына өтүп жаткан Профсоюздар федерациясынын мүлктөрүнүн бири дагы менчиктештирилип, бирөөгө берилбейт. Бул тууралуу Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ошол Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, талкаланып жана менчиктештирилип бараткан мүлктөрдү сактап калуу президенттин негизги максаты жана аракети болгон.
«Президентибиздин тапшырмасы менен Профсоюздан алынган баардык мүлктөр оңдоп-түзөөдөн өтүп, менчиктешип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылып, санаторий, курорттор санариптештирилип эл үчүн кызмат кылууга берилет. Бир мисал, «Жыргалаң» курорту бүгүнкү күндө жаркырап, конокторду кабыл алууда. Ар кандай ушактар менен жана каралоо сөздөр аркылуу жакшы иштерге көлөкө түшүрбөй туруңуздар», — деп жазган ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Алиев 92 пайыз добуш менен алдыда келе жатат

Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев республикадагы кезексиз президенттик шайлоодо 92,05 пайыз добуш алып, алдыда келе жатат. Бул тууралуу Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов бюллетендердин 93 пайыздан ашыгын иштеп чыккандан кийин билдирди. «Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 93,35 пайызын иштеп чыгып, добуштарды санап бүттү. Илхам Алиев 92,05 добушка […]

Сизге жагышы мүмкүн