Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын 90 пайызы сырткы чөйрөдөгү жагымсыз факторлордун негизинде пайда болот. Генетикалык фактордун таасири тиет. Тагыраак айтканда, туугандар бири-бирине үйлөнүшкөндө.
Кош бойлуу кезинде жуккан инфекциядан пайда болот. Мисалы, кызамык, жугуштуу сасык тумоо, цитомегаловирустук инфекция, герпес сыяктуу оору менен сыркоологон эненин баласы да жүрөк оорусуна чалдыгышы мүмкүн.
Айлана-чөйрөдөгү экологиялык фактордун таасири чоң. Анын ичинде өзгөчө радиация зыян.
Спирт ичимдиктери, тамеки тартуу жана туура эмес тамактануу.
Энесинин ар кандай дарты болсо, кант диабети менен ооруса, карындагы баланын жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал.
Кош бойлуу кезде дары-дармектерди ичүү, ар кандай антибиотиктерди пайдалануу терс таасирин тийгизет.
Витаминдердин жетишсиздиги.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Жүрөк кемтигинин 100дөн ашык түрү бар. Эгерде жаңы төрөлгөн ымыркайда бул дарттын белгилери билинсе, дароо адиске кайрылуу зарыл. Кээде оорунун белгилери көп убакытка чейин таптакыр билинбейт. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баланы үч айдан кийин сөзсүз түрдө кардиологго текшертип коюу керек.
Мындай дарты бар ымыркайдын ден соолугунун абалынан да байкаса болот. Алар эмчек эмип жатканда териси, оозу-мурду көгөрүп, аба жетишпей, энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турат. Көпчүлүк учурда мындай оорусу бар балдарды текшергенде «жүрөгүндө дабыш бар» дешет. Бирок аларды атайын медициналык жабдык менен текшергенде гана дарты ачык билинет.
ОПЕРАЦИЯ КАНДАЙ УЧУРДА ЖАСАЛАТ?
Бардык эле жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасалбайт. Себеби кээ бир түрүндө жүрөк кемтиги бала чоңойгон сайын өзүнөн өзү калыпка келет.
Бирок дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун, атүгүл бир саат да күтпөйт. Оорунун мындай түрүндө тез арада операция жасалбаса, оорулуу мерт болуп калышы ыктымал. Жүрөк оорусу бар балдардын ата-энеси өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпаш керек. Жеген тамак-ашы да мүнөздүү болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтып, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сактоо зарыл.
Бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса, куландан соо болуп чыга келет. Кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылып, өмүр бою майып кылат. Алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.