1917-жылдагы Октябрь революциясынын уюштуруучуларынын бири Лев Троцкийдин небереси Эстебан Волков Мексикада 98 жашында көз жумду.
Троцкийдин небереси 1926-жылы СССРде төрөлүп, 1939-жылы чоң атасы менен бирге Мексикага келип, ал жерден химияны окуй баштаган. 1990-жылы Волков чоң ата, чоң энеси менен жашаган Койоакан метрополитениндеги үйдү Троцкийдин үй-музейине айландырган.
Волков 1940-жылы Мексикада Троцкийдин өлүмүнүн акыркы күбөсү болгон.