Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча айдоочуларга кайрылды

Автор

Бүгүн, 12-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ал эми Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.
Кошумчалангандай, жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратуу менен жасалма тыгын пайда кылууда.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп мамлекеттик катчы кызматына кимди дайындайт?

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы кызматына сенатор Марко Рубиону көрсөтүүнү пландоодо. 2021-жылдын январь айынан тартып бул кызматты учурдагы президент Жо Байдендин администрациясында Энтони Блинкен ээлейт. Маалыматтарга караганда Трамп чечимин өзгөртүшү мүмкүн. Бирок жаңы шайланган лидер Рубиого токтолгон. Ал эми шайлоо өнөктүгү башталганга чейин аны вице-президенттикке мүмкүн болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн