Грецияда поезддердин, кемелердин, учактардын жана коомдук транспорттун кыймылы токтотулду. Тургундар өлкө тарыхындагы адам өмүрүн алган темир жол кырсыгына нааразы болушууда.
28-февралда поезддин кагылышынан 57 адам көз жумган. Каргашалуу окуядан кийин өлкө боюнча миңдеген демонстрациялар өттү. Эми жеке жана мамлекеттик сектордогу эң ири профсоюздар 24 сааттык иш таштоого чыгышты. Мектептер жана айрым мамлекеттик уюмдар да иштебейт.