Казакстан адам органдарын сатууну мыйзамдаштырышы мүмкүн. Мындай сунушту депутаттар парламенттин төмөнкү палатасынын жыйынында айтышты. Бул өлкөдө органдарды алмаштыруу үчүн кезекте турган 4000дей адам бар. Казакстанда трансплантацияга муктаж бейтаптардын орточо жашы 18 жаштан 35 жашка чейин. Алардын 90 пайызы бөйрөк алмаштырууга муктаж.
Практикада трансплантация тектеш донорлордон гана жасалат. Ал эми жаңы органдар үчүн өлкөнүн жашоочулары чет өлкөгө чыгууга туура келет.