Трамп үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууну убада кылды

Автор

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалдарды токтотууга, ошондой эле үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алууга ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Вашингтондогу митингде тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
«Мен Украинадагы согушту токтотом. Мен Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктарды токтотуп, үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алам»,-деди Дональд Трамп. Ал бул аймактардагы куралдуу аракеттерди токтотуунун так мөөнөттөрүн атаган жок, бирок, дүйнөлүк куралдуу жаңжал коркунучу жакындап калганын белгиледи.
Ошондой эле республикачыл Трамп АКШнын улуттук коргонуу системасын өнүктүрүү анын администрациясынын негизги артыкчылыктарынын бири болорун билдирди. Анын айтымында аскерлерге өлкө аймагын коргоо үчүн «Темир купол» ракетага каршы коргонуу системасын өндүрүп, жайгаштырууну баштоону тапшырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү. Төрт адам түтүнгө ууланган

Бишкектеги Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт саат 10:06да толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. «Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам түтүнгө ууланып, Тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык кызмат көрсөтүлдү. Учурда жарандардын абалы туруктуу. Ошондой эле болжол менен 300 чарчы метр аянт күйүп кетти»,- […]

You May Like