Трамп үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышы мүмкүндүгүн айтты

Автор

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп АКШдагы шайлоого беш ай калганда азыркы америкалык жетекчиликтин компетентсиздигинен үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди.
“Бул өлкөнү башкаргандар ​​менен көп адамдар тирүү калбайт, анткени заманбап куралдын күчү коркунучтуу. Биз жакынкы беш айдын ичинде үчүнчү дүйнөлүк согушка кирип кетишибиз мүмкүн”, – деди ал Миннесотадагы тарапкерлерине.
Трамп ошондой эле ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкса, Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга дагы бир жолу убада берди. Эгерде ал АКШга жетекчилик кылууну уланта берсе, бул чыр-чатакты болтурмак эместигин кайталады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Энелер күнү

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл Энелер күнү 20-майга туш келди. Өлкөдө бул дата президенттин 2012-жылдагы жарлыгынын негизинде майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 39 миңге […]

Сизге жагышы мүмкүн