“Менин Фред атындагы агам болгон. Аябай мыкты, келишимдүү жигит эле. Бирок, анын толгон – токой маселелери көп болчу. Эң ириде, ал алкоголдук ичимдиктерден өзүн куткара алган жок”,- деди АКШнын жаңыдан шайланган президенти Доналд Трамп.
Саясатчы америкалык жаштар менен болгон жолугушуусунда өзүнүн бир да жолу ичимдик ичип, тамеки тартпаганын айтып берди. “Агам аракты көп ичкендиктен дайыма мага “арак ичпегин” деп айта берчү. Мен аны уктум. Ансыз деле мага ичип, чеккендин кызыгы жок. Биз жаштарыбызды ушундай зыяндуу нерселерден оолак кармашыбыз керек”,- деген ал.