Трамп Харрис менен дебаттан баш тартканынын себебин айтты

Автор

АКШнын мурдагы лидери жана Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп вице-президент Камала Харрис менен кайрадан дебаттарга катышпай турганын айтты.
Анын айтымында, Харрис АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин саясатын өзгөртпөй турганын ачык билдирген. Экс-президенттин ою боюнча бул мындан аркы дебаттарды маанисиз кылат.
Трамп ошондой эле азыркы учурда сурамжылоолордо алдыда экенин жана атаандашынан ажырымы күн сайын өсүп жатканын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто 24 саат бою унаа каттоочу бөлүм ачылды

Ошто 24 саат бою унаа каттоочу бөлүм ачылды. Бул тууралуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Улан Карыпбеков билдирди. Маалыматка ылайык, түйүн Навои көчөсүндө жайгашкан. Бул жерде жарандарга унааны каттоо жана кайра каттоо, күбөлүк алмаштыруу жана алуу, унаанын мамлекеттик номерин алуу кызматтары жеткиликтүү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн