Трамп Харрис менен дагы бир дебаттан баш тартты

Автор

АКШда президенттикке талапкер республикачыл Дональд Трамп шайлоо жарышындагы атаандашы Камала Харрис менен жаңы дебатка чыкпай турганын билдирди. Truth Social тармагындагы баракчасына жазгандарында «Мушкер качан утулганда биринчи оозунан мен кайталанган кармашты каалайм деген сөз чыгат»,-деп белгиледи Трамп.
Республикачыл талапкер сурамжылоолор анын жеңишин көрсөтүп жатканын айтты. Ошондой эле Трамп буга чейин Харрис Fox, NBC жана CBS телеканалдарында аны менен дебатка чыгуудан баш тартканын эскертти.
«Адегенде президент Жо Байден менен дебат өткөрдүм, андан кийин Камала Харис менен. Үчүнчү дебат болбойт»,-деди Трамп.
Трамп менен Харристин теледебаты 10-сентябрда Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында өттү. Аны ABC телеканалы уюштурду.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - 2024: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Учурда Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда келатат. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын расмий сайтында жазылууда. Маалыматка ылайык, медалдардын саны боюнча Кыргызстан 53 медаль менен экинчи орунга жайгашты. Өлкө куржунунда азыр 16 алтын, 17 күмүш, 20 коло медаль бар. Биринчи орунду 86 медаль менен Казакстан […]

Сизге жагышы мүмкүн