Трамп Харристин маеги үчүн телеканалды сотко берди

Автор

АКШда президенттикке талапкер, Республикалык партиядан көрсөтүлгөн Дональд Трамп CBS News телеканалына демократтардан жогорку мамлекеттик кызматка талапкер болгон Камала Харристин маегине байланыштуу сотко кайрылып, шайлоого кийлигишүү максатында көрүүчүлөрдү адаштырганы үчүн 10 миллиард доллар талап кылууда.
Трамптын юристтери жаңылыктар уюмдары «окуялар тууралуу чындыкты так жеткирүүгө жоопкерчиликтүү жана маегин бурмалап, өздөрүнө ылайыктуу талапкерди ырааттуу жана чечкиндүү көрсөтпөшү керек» деп эсептешет.
Трамп «60 мүнөт» берүүсүнүн продюсерлери Харристин жоопторун бир нече жолу өзгөртүп, монтаждаган деп ишенет. Ошондой эле, бул учур шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин бузушу мүмкүн экенин жана тез арада иликтөө жүргүзүлүп, коомдон кечирим суроону талап кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз милициясына 100 жыл! Ала-Тоо аянтында парад өтүүдө

Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышууда. Парадда коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын ишинде колдонулган заманбап техникалар жана атайын жабдуулар көрсөтүлүүдө. Акыркы өнүгүүлөрдөн тышкары, […]

Сизге жагышы мүмкүн