АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп отставкадагы генерал-лейтенант Кит Келлогду Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча атайын өкүл кылып дайындоону сунуштады.
Трамп өз тандоосу тууралуу Truth Social социалдык түйүнүндө билдирди. “Мен генерал Кит Келлогду президенттин жардамчысы жана Украина менен Россия боюнча атайын өкүл кызматына дайындоого абдан кубанычтамын. Кит өзүнүн аскердик жана саясий карьерасында өзгөчө ийгиликтерге жетишти. Ал башынан эле менин жанымда болду! Биргеликте биз күч аркылуу тынчтыкты камсыздап, Американы жана бүт дүйнөнү кайрадан коопсуз кылабыз!”-деп жазды Трамп.
2024-жылдын июнь айында Келлог Украина боюнча өзүнүн тынчтык планын сунуштаган. 80 жаштагы Келлог 2024-жылдын август айында украин күчтөрүнүн аракеттерин оң баалаган, бирок жаңжал аскердик жеңиш менен бүтпөй турганын айткан.
Келлог Вьетнам жаңжалы учурунда аскердик тажрыйба топтогон. Ал 2003-жылы отставкага чыгып, андан кийин коргонуу компанияларында иштеген.