АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди 2025-жылдын январь айынан баштайт.
Fox News телеканалынын эфиринде Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына көрсөтүлгөн конгрессмен Майк Уолтц бул тууралуу айтты. Ал сүйлөшүүлөргө Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү да катышарын белгиледи.
“Кимдер сүйлөшүү столунда отурарын, эки тарапты кандайча катыштыруу керектигин жана ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун шарттары кандай болорун талкуулоо зарыл. Трамптын администрациясы бул багытта иш алып барат. Бул январдан тарта башталат”,-деди Уолтц.
“Биздин бардык союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз бул жүктү көтөрүшү зарыл”,-деп кошумчалады конгрессмен.
Эртең Бишкекте белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат
Дүй Ноя 25 , 2024