АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп The New York Post басылмасына берген маегинде Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча концепция иштеп чыгып жатканын билдирди.
“Мен бул маанисиз жаңжалды токтотуунун концепциясын иштеп чыгып жатам”,-деди Трамп.
7-декабрда Трамп Парижде Владимир Зеленский жана Эммануэль Макрон менен жолугуп, кыска сүйлөшүүлөр өткөрдү. Трамптын айтымында, Зеленский тынчтыкка келүүнү каалайт”.
Жаңы президент социалдык тармактагы Truth Social баракчасына Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү убактысы келгенин жазды. “Жаңжалды улантуу ого бетер чоң жана кыйла жаман нерсеге айланышы мүмкүн”,-деди. Анын айтымында, АКШнын кийинки администрациясы Украинага аскердик жардамдын көлөмүн кыскартышы ыктымал.