АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Түндүк Америкадагы эң бийик Денали деп аталган тоонун атын өзгөртүүнү көздөп жатканын билдирди. “The Guardian” басылмасынын маалыматына ылайык, XIX кылымдын аягында бул тоо АКШнын 25-президенти Уильям Мак-Кинлинин урматына аталган. Бирок 2015-жылдын августунда ошол учурдагы АКШнын президенти Барак Обама Аляска тургундарынын талабы менен тоону Денали деп атоону чечкен.
Дональд Трамп тоого Алясканын жергиликтүү тургундары берген аталыш кайрадан Мак-Кинли деп өзгөртүлөрүн убада кылды. “Мак-Кинли тоосунун атын алып коюшту”,-деген Трамп Уильям Мак-Кинли улуу президент болгонун жана мындай урматка татыктуу экенин белгиледи.
Денали (Мак-Кинли) тоосу Денали улуттук паркында жайгашкан. Бийиктиги 6168 метр. 1896-жылы алтын издөөчүлөр бул тоону ошол учурда АКШнын президенттигине талапкери болгон Уильям Мак-Кинлинин урматына аташкан жана бул аталыш көп жылдар бою сакталып келген.