Трамп согуштарды токтотууну убада кылды

Автор

АКШда президенттик шайлоодо алдыда келе жаткан республикачыл Дональд Трамп Палм-Бичтеги резиденциясынан тарапташтарына кайрылды. Ал согушту каалабай турганын жана аларды токтотууну максат кылганын билдирди.
«Төрт жыл бою биз эч кандай согуштарды көргөн жокпуз. Мен согуш баштоону каалабайм, аларды токтотууну көздөйм»,-деди Трамп.
Өз кайрылуусунда Дональд Трамп шайлоодогу жеңишин жарыялап, өзүн АКШнын 47-президенти деп атады.
Fox News телеканалынын маалыматына ылайык, Трамп 270 талап кылынган добуштан ашып, 277 добушка жеткен. Добуштарды эсептөө уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто жаңы таштанды талаасынын курулушу башталды

Ош шаарында жаңы таштанды полигонунун курулушу башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бакытбек Жетигенов «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы тарабынан эски таштанды полигонун калыбына келтирүү жана жаңы полигонду куруу иштеринин башталышы менен жеринен таанышты. Шаар башчысы мында жүргүзүлүп жаткан иштердин шаар үчүн маанилүү экенин белгилеп, курула баштаган жаңы санитардык […]

Сизге жагышы мүмкүн