Трамп Си Цзиньпин менен сүйлөшкөнүн айтты

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен алгачкы жолу байланышканын билдирди. Анын айтымында, Тайвань маселеси талкууланган жок, башка темалар козголду.
«Менин президент Си менен абдан жакшы мамилем бар. Биз байланыштабыз»,-деди Трамп. Алар акыркы жолу 2019-жылдын июнь айында Японияда өткөн G20 саммитинде жолуккан.
5-ноябрда болгон АКШ шайлоосунан кийин Си Цзиньпин Дональд Трампка куттуктоо телеграммасын жөнөткөн. Ал жаңы президенттик администрация менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Гурбангулы Бердымухамедов кызын кызматка койду

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов кызы Огулжахан Атабаеваны Г. Бердымухамедов атындагы кароого муктаж балдарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук фондунун дарылоо иштери боюнча вице-президенти кызмат ордуна дайындады. Дайындоо 7-декабрда Аркадаг шаарында өткөн кайрымдуулук фондунун башкармалыгынын жыйынында болгон. Огулжахан Атабаева Түркмөнстандын Лондон шаарындагы элчилигинин кеңешчиси болуп иштеп келген Довлет Атабаевдин жубайы. […]

Сизге жагышы мүмкүн