АКШ президенти Дональд Трамп 17-январда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинанын жаңжалын чечүүгө жардам берүү өтүнүчүн билдиргенин айтты.
«Ооба. Мен айттым. Бул маселени чечүү керек. Ал бул багытта көп нерсе жасай элек. Анын көп күчү бар. Бизде да ошондой. Бул маселени чечүү керек»,-деди Трамп 22-январда Ак сарайда өткөн басма сөз жыйынында.
Ошондой эле Дональд Трамп «абдан жакын арада» Россиянын президенти Владимир Путин менен байланышка чыгаарын күтүүгө болорун билдирди. Ал Россиянын президенти менен каалаган убакта жолугушууга даяр экенин айтты.