Трамп расмий түрдө АКШнын президенти кызматына киришти

Автор

Дональд Трамп расмий түрдө АКШнын президенти кызматын аткарууга киришти. Ал Капитолийде өткөн инаугурациялык аземде үй-бүлөлүк Библияга жана Авраам Линкольндун Библиясына колун коюп ант берди.
«Мен АКШнын президентинин милдеттерин чын ыкластан аткарууга жана бардык күч-аракетим менен Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясын колдоого, коргоого жана сактоого салтанаттуу түрдө ант берем»,-деди.
Аземди АКШнын Жогорку сотунун төрагасы Жон Робертс өткөрдү. Иш-чара америкалык бардык телеканалдардан көрсөтүлдү.
Вашингтондо тарапташтарына кайрылуусунда Трамп өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө, улуттук коопсуздукту чыңдоого жана дүйнөлүк аренада америкалыктардын кызыкчылыгын коргоого убада берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Дональд Трамптын инаугурациясынан фоторепортаж

20-январда Вашингтондо АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын инаугурациясы болуп өттү. Капитолийден тартылган кадрлар. Бөлүшүү:

You May Like