Трамп Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирди

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулоо үчүн Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну күтөөрүн айтты. 19-декабрда Владимир Путин Дональд Трамп менен каалаган убакта жолугууга даяр экенин билдирген.
«Президент Путин менин мүмкүн болушунча эртерээк жолугушуумду каалаарын айтты. Ошондуктан биз бул жолугушууну күтүп жатабыз. Бул согушка чекит коюушубуз керек»,-деди Дональд Трамп Turning Point USA конференциясында.
19-декабрда Владимир Путин Дональд Трамп менен байланышууларга жана жолугушууга даяр экенин, алар сүйлөшө турган темалар көп экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров: "Алардын бетине түкүргүлө"

“Жергиликтүү шайлоолордо СДПК партиясы 1.5 млн сомду элге таратып жаткан жеринен кармалышты. Мунун баары далилденип турат. Алар Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, анын 44 каттоодон өткарбөй акча төлөп берип жатышат. Бул да, добуш сатуунун түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатышса, эмне, алардын башынан сылайлыбы”,- деди президент Курултайда сөз сүйлөп […]

Сизге жагышы мүмкүн