АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путинге эгерде Россия «Украинаны куугунтуктап баштаса», Москва шаарына сокку урушу мүмкүн экендигин айтып коркуткан. Бул тууралуу саясатчы The Wall Street Journal (WSJ) басылмасына берген маегинде билдирген. «Владимир мен силерге ошондой күчтүү сокку урамын, бул ишенбегидей болот. Мен Москва шаарынын так ортосуна сокку урамын»,-деп айткан Трамп.
АКШнын мурдагы президенти Путин менен жакшы мамилеси болгондуктан, мындай кадамга баргысы келбегенин белгиледи. Бирок бул сүйлөшүү качан болгонун тактаган жок.