АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз мигранттардын үй-бүлөлөрүн, анын ичинде АКШ аймагында төрөлгөн балдардын ата-энелерин да өлкөдөн чыгарат. Бул тууралуу республикачыл администрацияда чек ара коопсуздугу боюнча жооптуу боло турган Томас Хоман билдирди.
Washington Post гезитине берген маегинде ал жаңы бийлик ата-энелерди депортациялоону көздөп жатканын айтты. Аларга тандоо берилет. Баланы өлкөдө калтырып, өздөрү кетүү же баласын алып кошо кетүү.
“Маселе мына ушунда. Сиз бул өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүңүздү билип туруп, бала төрөөнү чечтиңиз. Ошондуктан, үй-бүлөңүздү ушундай абалга сиз өзүңүз алып келдиңиз”, – деди Хоман.