Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 7-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн The Washington Post (WP) гезити жазды. Маалыматка ылайык, Трамп менен Путин Европада тынчтыкка жетишүүнүн зарылдыгы жөнүндө сүйлөшкөн. Трамп Украинадагы кагылышты тезирээк жөнгө салуу боюнча кийинки сүйлөшүүлөргө кызыктар экенин билдирген.
Макалада Трамп орус лидерине «Украинадагы кырдаалды курчутпоону» эскерткендиги жана Европада АКШнын чоң аскердик катышуусу тууралуу айткандыгы баяндалат. Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү жөнүндө Украинанын өкмөтү кабардар болгон жана алар бул сүйлөшүүгө каршы болгон эмес. Алардын айтымында, Киевдеги аткаминерлер Трамп Украинаны дипломатиялык жол менен жөнгө салуу максатында Путин менен иштеше тургандыгын көптөн бери билип келишет.
Бирок Украинанын Тышкы иштер министрлиги Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кабардар болгонун четке какты. «Украина тарап телефондук сүйлөшүү жөнүндө алдын ала кабардар болгон деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ошондуктан, Украина бул сүйлөшүүнү колдоп же ага каршы чыгышы мүмкүн эмес болчу»,-деп билдирди Reuters агенттигине Украинанын ТИМ өкүлү Георгий Тихий.
Маалыматка караганда, Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү болгон күнү Россиянын президенти «Валдай» клубунун жыйынына катышкан. Ал Трампты шайлоодогу жеңиши менен ачык куттуктап, АКШнын шайланган президенти менен байланыштарды жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун директору кызматынан бошотулду

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламентте социалдык саясат комитетинде билдирди. Аталган борбордун жетекчисинин милдетин жетекчинин орун басары аткарууда. Б. Султангазиева 2021-жылдан тарта аталган борборду башкарып турган. Буга чейин депутаттар тарабынан нааразылыктар да ага карата байма-бай […]

Сизге жагышы мүмкүн