Трамп менен Байден бийликти өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жана кызматтан кетип жаткан президент Жо Байден өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процесси башталганын белгилеген меморандумга кол коюшту.
Адатта бул процесс шайлоо жыйынтыгы жарыяланары менен башталат. Мурдагы шайлоодо бул процесс Дональд Трамптын жеңилгенин тааныбоосунан улам кечеңдеп кеткен.
Быйыл Жо Байдендин администрациясы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө даяр экенин дароо жарыялады. 13-ноябрда Жо Байден Ак үйдө Дональд Трамп менен жолугуп, өтмө процесстин деталдарын талкуулады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте белгилүү хирург Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 27-ноябрда Абдылас Малдыбаев атында Опера жана балет театрында белгилүү хирург Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Жогорку Кенештин депутаттары, Акрамовдун кесиптештери жана шакирттери катышууда. Белгилүү окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов 26-ноябрда 88 жаш курагында көз жумду. […]

Сизге жагышы мүмкүн