АКШ президенти Жо Байден менен мурдагы америкалык лидер Дональд Трамптын ортосунда экинчи президенттик дебаттар 10-сентябрда өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Bloomberg билдирет.
«Келгиле, дагы бир дебат өткөрөлү, бирок бул жолу чектөөсүз, жалпы талкуу болуп, сахнада экөөбүз гана болобуз»,-деп жазды Трамп Фейсбуктагы билдирүүсүндө.
Басылманын маалыматы боюнча, президенттикке талапкерлер Трамп менен Байдендин экинчи дебатын ABC News телеканалы уюштурат.
Буга чейин Трамп Байденге эрежесиз дебат өткөрүүнү сунуштаган.