АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы кызматына сенатор Марко Рубиону көрсөтүүнү пландоодо. 2021-жылдын январь айынан тартып бул кызматты учурдагы президент Жо Байдендин администрациясында Энтони Блинкен ээлейт.
Маалыматтарга караганда Трамп чечимин өзгөртүшү мүмкүн. Бирок жаңы шайланган лидер Рубиого токтолгон. Ал эми шайлоо өнөктүгү башталганга чейин аны вице-президенттикке мүмкүн болгон талапкер катары карап келген.
53 жаштагы Марко Рубио 2010-жылы Сенатка шайланган. Кытай, Иран, Венесуэла жана Кубага карата катуу мамилеси менен айырмаланат.
Дональд Трамп ошондой эле өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына талапкерин тандап, бул кызматты Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Элиз Стефаникке сунуштады.
АКШда шайлоо 5-ноябрда болуп өткөн. Бир күндүн ичинде Дональд Трамп жеңиш үчүн зарыл болгон добушту топтогон. АКШнын шайланган президентинин инаугурациясы 2025-жылдын 20-январына белгиленген.