АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын командасы мигранттарды депортациялоо үчүн өлкөлөрдүн тизмесин түзүүдө
Дональд Трамптын командасы, эгер алардын мекени өз жарандарын кабыл алуудан баш тартса, мигранттарды депортациялоо үчүн өлкөлөрдүн тизмесин түзүп жатканын билдирди.
Буга чейин Трамп өз мөөнөтүндө бардык мыйзамсыз мигранттарды, анын ичинде мыйзамдуу жана мыйзамсыз мигранттардан турган аралаш үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн депортациялоо планы тууралуу айткан.
Мындан сырткары, Трамп Украина мурдагыдай эле көлөмдө аскердик жардам албашы мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле, НАТОго мүчө башка мамлекеттер уюмга көбүрөөк каражат бөлбөсө, АКШны альянста кармабай турганын айткан. Эгер алар өзүнүн каржылык милдеттенмелерин аткарышса, ал АКШнын НАТОго мүчөлүгүн улантарын кошумчалаган.
Трамп мындан тышкары Украинадагы ок атууну токтотууга чакырган позициясын дагы бир жолу белгилеп өттү.