Трамп Коргоо министри кызматына телеканалдын алып баруучусун сунуштады

Автор

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп коргоо министри кызматына Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсетти сунуштады.
«Пит – күчтүү, акылдуу адам. Ал «Америка биринчи» принцибин чын жүрөктөн колдойт. Питти башчы кылып койгонубуз Американын душмандарына эскертүү болот. Аскер күчтөрүбүз кайрадан күчкө толот жана эч качан артка кайтпайт»,-деди Трамп.
Хегсет 44 жашта. Ал АКШнын Улуттук гвардиясынын ардагери болуп, Афганистанда, Иракта жана Кубадагы Гуантанамо базасында кызмат өтөгөн. Fox телеканалында ал 2014-жылдан бери иштейт. Пентагонду 2021-жылдын январь айынан бери Ллойд Остин жетектеп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Жол тыгын чечилген жок, кайра көбөйдү

“Өкмөттө мындай эксперименттерди кимдер кылып жатат өзү? Мына, коомдук транспорт жетишпейт, троллейбус жок. Эл болсо, убагында окууга же, ишке келалбай жатат. Шаар тургундары нааразы болуп жатышат. Качан коомдук транспорт боюнча кемчилик жоюлат”,- деп сурады өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн Дастан Бекешов. Ал жаңы салынган автобекет, тыгындар, жаңы конуштардын тургундарынын шаарга келип кетүүсүндөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн