Трамп аны сактап калгандарга ыраазычылык билдирди

Автор

АКШнын мурдагы президенти, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп АКШнын Жашыруун кызматынын жана полициясынын кызматкерлерине кайрылды. Ал Флоридадагы гольф клубунда ага кол салуу аракетинин алдын алганы үчүн аларга ыраазычылыгын билдирди.
«Албетте, кызыктуу күн болду! Эң негизгиси, мен АКШнын Жашыруун кызматына, шериф Рик Брэдшоуго жана анын командасына, ошондой эле бардык укук коргоо органдарына бүгүн жасаган укмуштуу иштери үчүн ыраазычылык билдирем»,-деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына. Ал ошондой эле өзүнө кам көргөндөргө ыраазычылык билдирип, америкалык болгону менен сыймыктанарын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Догдурбек Чонтоев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациядан билдиришти. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана […]

Сизге жагышы мүмкүн