Трамп кенже Роберт Кеннедини АКШнын саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министринин кызматына сунуштады. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.
Трамптын пикиринде, Кеннеди-кичүү саламаттыкты сактоо системасынын мекемелерине илимий изилдөөлөрдүн «алтын стандарт» салттарын жана ачык-айкындуулукту кайтарат. Өнөкөт оорулардын эпидемиясын токтотууга жана Американы кайрадан улуу жана дени сак кылууга жардам бере алат.
Маалыматтарга ылайык, мындай тандоо саламаттыкты сактоо тармагындагы көптөгөн эксперттердин таң калуусун жаратышы мүмкүн. Анткени кенже Кеннеди жылдар бою вакциналардын аутизмге алып келет деген четке кагылган көз караштарды жайылтып келген.
Кенже Кеннеди 70 жашта. Ал буга чейин АКШ президенттигине көз карандысыз талапкер катары ат салышкан. Бирок кийин жарыштан чыгып, Трампты колдоорун билдирген.