Трамп келинин элчилик кызматка дайындайт

Автор

Дональд Трамп уулу кенже Дональд Трамптын келинчеги, теле алып баруучу Кимберли Гилфойлду АКШнын Грециядагы элчиси кылып дайындай турганын билдирди. Бул чечими тууралуу Truth Social социалдык тармагында жазды.
Трамптын айтымында, Кимберли көп жылдар бою анын жакын досу жана өнөктөшү болуп келген. “Анын укук, медиа жана саясат жаатындагы чоң тажрыйбасы жана лидерлик сапаттары бар. Кимберли Греция менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, коргонуу жаатындагы кызматташтыктан тартып соода жана экономикалык инновацияларга чейин биздин кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн мыкты талапкер”,-деп жазган.
Ошол эле учурда басылмалар 55 жаштагы Гилфойл менен 46 жаштагы кенже Дональд Трамптын мамилеси бузуулганын, түгөйлөр ажырашуу чечимине келишкенин жазып чыгышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Инисин аянтта асып салышты

Башар Асадды кууп чыгып, Сирияны ээлеп алышкан оппозициялык күчтөр Сулейман Аль-Асадды шаардын аянтында өлүм жазасына тартышты. Ал Улуттук коргонуу күчтөрүн жетектеген. Сулейман Аль-Асад качкын президент Башар Асаддын иниси болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн