Доналд Трамп Канаданын премьер – министри Жастин Трюдого АКШнын губернаторлук кызматын сунуштады. Өткөн жумада ал Канада менен Мексикага 25 пайыз кошумча бажы салыгын киргизе турганын маалымдады.
Fox News маалымат агенттиги Канаданын премьер – министри Трамп менен жолугушуу үчүн Флорида штатына келгенин кабарлады. Ал АКШнын жаңы президентине жаңы киргизиле турган кошумча бажы салыгы Канаданын экономикасына сокку ураарын түшүндүргөн. Трамп болсо, “Канада АКШнын 51-штаты болсун, сен да губернатору болосуң”, – деген.