АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен сүйлөшүүсүндө Канаданын АКШнын 51-штаты болушу керектиги тууралуу тамаша кылганын Fox News телеканалы билдирди. Телеканалдын маектештери шайланган президенттин АКШнын курамына кошулуу сунушуна премьер-министр Трюдонун «туталанып күлүү» менен жооп бергенин айтышты.
Саясатчылардын сүйлөшүүсү 29-ноябрда болгон. Бул сүйлөшүү Трамптын Канада жана Мексикадан келген бардык товарларга 25 пайыз кошумча төлөм киргизүү сунушунан кийин өткөн. Шайланган президент бул өлкөлөр мыйзамсыз миграция жана баңги заттарды аткезчилик менен күрөшүү маселелерин чече албаса, бул чараларды көрөрүн билдирген.