АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациясы өтө турган жерди өзгөрттү. Ак сарайдын келечектеги башчысы түшүндүргөндөй, бул чечимди ал кызматка кирише турган күнү Вашингтондо күтүлүп жаткан аба ырайынан же абдан төмөн температуранын айынан кабыл алды.
“Мен инаугурацияны Кошмо Штаттардын Капитолийинин куполундагы тегерек залда өтүшүн буйрук кылдым. 1985-жылы Рональд Рейгандын инаугурациясы абдан суук аба ырайынан улам ушундай уюштурулган”,-деп жазды Трамп.
Трамп белгилегендей, Вашингтондогу төмөнкү температура жана катуу шамал менен коштолгон аба ырайы салтанаттын конокторуна ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Ошондой эле бул он миңдеген укук коргоо кызматкерлери, ыкчам кызматтар, полиция үчүн кооптуу шарттарды түзөт.