Трамп Зеленский менен дагы бир жолугушарын билдирди

Автор

АКШнын президенттигине талапкер, республикачыл Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин, Украинага барып, аны менен дагы бир жолу жолугушушу мүмкүн экенин билдирди. Жолугушууда Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Украинадагы конфликтти жөнгө салууну талкуулашты.
Дональд Трамп менен Владимир Зеленский 27-сентябрда, Нью-Йоркто жолугушту. Сүйлөшүү 40 мүнөттөй созулду. Жолугушуунун жыйынтыгында алар басма сөзгө комментарий беришип, Украинадагы конфликтти тынчтык жолу менен чечүү боюнча өз позицияларын дагы бир жолу билдиришти.
“Бул токтошу керек. Президент муну токтотууну каалап жатат. Мен президент Путин да муну токтотууну каалап жатат деп ишенем. Бул жакшы айкалыш. Ошондуктан биз бардыгы үчүн адилеттүү келишимге жетишүүнү каалайбыз”,-деди Трамп. Ал эми “адилеттүү келишим” деген эмне экени тууралуу суроого ал “Азырынча бул тууралуу айтууга эрте” деп жооп берди. Владимир Зеленский болсо, өз кезегинде, орус аскерлери Украинанын аймагынан толук чыгарылышы керек экенин дагы бир жолу кайталады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызга гана таандык, кыргыздын жүз өзгөчөлүгү

Бөлөк улутка окшош жактарыбыз ансыз да өнүгө берет, бирок калпак кыргыздыкы, кепканы баары кийе берет. Эгер биз калпакты сактабасак, калпак жок болуп кетет. Кыргызга гана таандык, кыргыздын жүз өзгөчөлүгү тууралуу жазуучу Каныбек Иманалиев Эл аралык руханий форумда айтып берди. 1. Кыргыздар Орто Азияда эң байыркы эл. 2. Түрк цивилизациясынын сап […]

Сизге жагышы мүмкүн