Трамп Зеленскийди “тарыхтагы эң мыкты соодагер” деп атады

Автор

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленскийди “тарыхтагы эң мыкты соодагер” деп атады. Бул тууралуу АКШнын экс-президенти Пенсильваниядагы митингде билдирген.
“Менимче, Зеленский тарыхтагы эң мыкты соодагер. Ал ар бир жолу биздин өлкөгө келгенде, 60 миллиард доллар менен кетет”,-деди Трамп.
“Эгерде мен шайлоодо жеңсем, биринчи кылган ишим Зеленский менен Путинге чалып, келишим түзүү убактысы келгенин айтам”,-деди республикачыл талапкер.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШдагы элчи алмашабы?

Америкадан кыргыздын бир үлкөн чиновниги үчүн агреман келгени, элчи Бакыт Аманбаевдин башка кызматка которулаары саясий чөйрөдө айтыла баштады. Бирок, ким экени азырынча табышмак бойдон калууда. Бул орун мындан мурда да, биртоп саясатчыга убадаланып, бирок, учурдагы элчи кебелбей орунун сактап калгандыгы, ал эми элчилик кызматка аттангандардын катарында Ахматбек Келдибеков, Курманкул Зулушев […]

Сизге жагышы мүмкүн