АКШнын экс-лидери, учурда президенттикке талапкер Дональд Трамп Украинанын өлкө башчысы Владимир Зеленскийдин Киевге чакыруусун четке какты. Бул тууралуу Die Zeit гезити 9-апрелде жазып чыкты.
Трамп азыр башкы командачы болбогондуктан Украинага барышы туура эмес экенин ачык айтты.
Зеленский америкалык саясатчыны ага Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча ойлорун түшүндүрүп берүүгө чакырганы белгилүү болгон.
Трамп Кошмо Штаттардын президенттигине шайланса, кырдаалды жөнгө салуу ниети бар экенин бир нече жолу билдирген. Былтыр июль айында ал Россия менен Украинанын ортосундагы кризисти 24 сааттын ичинде чечүүгө көндүрө аларын айткан.