Трамп жаңы өкмөтүнө дагы бир миллиардерди чакырды

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп ишкер Говард Лютникти Соода министри кызмат ордуна алууну көздөп жатат. Ушуну менен 47-президенттин командасына дагы бир миллиардер кошулушу мүмкүн.
Лютник шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп менен көп жолу бирге болуп, башка ири республикачыл донорлор менен бирге Трамп үчүн ар түрдүү кайрымдуулук иш-чараларын өткөргөн. Белгиленгендей, Соода министри кызмат ордуна дайындоо сенаттын бекитүүсүн талап кылат.
Cantor Fitzgerald расмий сайтында Говард В. Лютник – Cantor Fitzgerald, L.P. компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы аткаруучу директору. Дүйнөлүк брокердик жана финансы-технологиялык компания болгон BGC Group, Inc. менен Newmark Group, Inc. компанияларынын директорлор кеңешинин төрагасы экендиги маалымдалган.

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ кыргызстандыктарга Украинадан чыгып кетүүнү сунуштайт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарга Украинадан чыгып кетүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүндө айтылат. «Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин маалыматына ылайык, 20-ноябрда Киев облусунун аймагына чабуул коюучу учкучсуз аппараттар колдонулуп, массалык сокку урулган. Ушул себептен Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана зарыл учурда кырдаал […]

Сизге жагышы мүмкүн