Трамп жана Харрис экинчи теледебаттарды өткөрүүнү пландоодо

Автор

АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер Камала Харрис жана анын атаандашы республикачыл Дональд Трамп октябрь айында экинчи айлампа теледебаттарды өткөрүшөт. Бул тууралуу Харрис айымдын шайлоо кампаниясынын коммуникациялар боюнча директору Майкл Тайлер билдирди.
«Америка элинде октябрь айында вице-президент жана Дональд Трамптын дебаттарын кайрадан көрүү мүмкүнчүлүгү болот»,-деди Майкл Тайлер.
Камала Харрис жана Дональд Трамп сентябрь айында Пенсильвания жана Мичиганда биринчи дебаттарды өткөрүүгө макул болушкан.
АКШдагы шайлоо 5-ноябрда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү

Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, 15-августта саат 17:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда күн күркүрөп, чагылган түшүп болжол менен 60 даана койго чагылган тийген. Жерине техникалар бара албайт. Бүгүн, 16-августта Жарандык коргоо комиссиясы ат менен барары жана […]

Сизге жагышы мүмкүн