«Бардык адамдарды Рождество майрамы менен куттуктайм, анын ичинде Панама каналын мыйзамсыз башкаргандарды сүйүү менен… Ошондой эле Канаданын губернатору Жастин Трюдого кайрылам. Ал жактагы салыктар өтө жогору, бирок эгерде Канада 51-штатка айланса, салыктар 60 пайызга кыскарат. Алардын бизнеси эки эсе өсөт»,-деп жазды Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында.
Саясатчы Гренландиянын элин да «АКШнын ошол жерде болушун каалагандыгы» үчүн куттуктады. «Биз ал жакта болобуз»,-деп жыйынтыктады ал.
Ноябрь айынын аягында Дональд Трамп Канада жана Мексикадан келген товарларга 25 пайыз салык киргизүүнү сунуштаган. Жастин Трюдо жооп иретинде каршы чараларды көрөрүн билдирген. Дональд Трамптын Канаданы америкалык штатка айландыруу сунушу Жастин Трюдону күлдүргөн.
Дональд Трамп Гренландияга ээлик кылууну улуттук коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептеген.