Трамп Байдендин 78 жарлыгын жана меморандумун жокко чыгарды

Автор

АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришип, Вашингтондогу Capital One стадионунда тарапташтарынын алдында алгачкы тогуз жарлыкка кол койду. Биринчи кол коюлган жарлыктардын арасында экс-президент Жо Байдендин учурунда кабыл алынган 78 чечимдин жокко чыгарылышы, ошондой эле АКШнын Париж келишиминен чыгуу чечими бар.
Дональд Трамптын алгачкы буйруктарынын катарында:
Федералдык өкмөттүн ишине толук көзөмөл жүргүзмөйүнчө, бюрократтардын жаңы ченемдик актыларды кабыл алуусуна мораторий киргизүү;

Федералдык өкмөттүн сөз эркиндигин калыбына келтирүү жана цензураны жокко чыгаруу жөнүндө көрсөтмө;

Аскер кызматкерлеринен жана башка кээ бир категориялардан тышкары, мамлекеттик кызматка кызматкерлерди кабыл алууну токтотуу;

Мамлекеттик кызматкерлерге аралыктан иштөө форматынан баш тартып, кеңселерде иштөөгө кайтуу боюнча токтоосуз көрсөтмө берүү;

Федералдык мекемелерге жашоо наркынын өсүшү боюнча көйгөйдү чечүүгө чара көрүүнү тапшырма берүү;

Мурдагы администрациянын саясий оппоненттерин куугунтуктоо үчүн сот системасын колдонууга тыюу салуу;

АКШнын Париж климаттык келишиминен чыгышы тууралуу БУУга кат жөнөтүү.

Трамп документтерди бекитип бүткөндөн кийин буйруктарга кол коюу үчүн колдонулган калемдерди тарапташтарына ыргытып берди. Иш-чарадан соң ал жаңы жарлыктарга кол коюу үчүн Ак сарайга жөнөдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 28-31-январь күндөрү агроөнөр жай форуму өтөт

Бишкекте 28-29-30-31-январь күндөрү “Агро-Диалог-2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткандар жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат. Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай […]

You May Like