Трамп АКШда “Темир купол” куруу боюнча жарлыкка кол койду

Автор

АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин үлгүсүндө АКШда “Темир купол” ракетадан коргонуу тутумун куруу боюнча жарлыкка кол койду.
Флоридадагы көчмө жыйында Трамп бул жарлык АКШнын Куралдуу күчтөрүн радикалдуу реформалоого багытталган бир катар жарлыктардын бири болорун билдирди.
“Биз дароо заманбап ракетадан коргоочу системаны “Темир куполдун” курулушун башташыбыз керек, ал америкалыктарды коргой алат. Бизде мыкты технологиялар бар. Менимче, Америка Кошмо Штаттары буга укуктуу”,-деди Трамп.
Ал ошондой эле жаңы система АКШда өндүрүлөрүн кошумчалады.
Трамп – Израилдин “Темир куполун” жактырат. Ал өткөн шайлоо кампаниясында да АКШнын континенталдык бөлүгү үчүн ушундай коргонуу системасын курууга убада берген.
Айрым эксперттер Трамптын бул жарлыгына айырмалуу көз карашта. Алар мындай система же ишке ашпайт, же өтө кымбат болот деп эсептешет. Анткени Израил аймактык жактан АКШга караганда бир топ кичине.
Мындан тышкары, израилдик система жакынкы аралыкка атылган ракеталарды жок кылууга арналган. Ал эми АКШ үчүн негизги коркунуч Россия, Кытай жана Түндүк Кореядан учурулушу мүмкүн болгон континенттер аралык баллистикалык ракеталар болуп эсептелет.
“Темир купол” – бул 50дөн 200 кмге чейинки аралыкка учкан башкарылбаган тактикалык ракеталардан коргоого багытталган система.
Израилдин Rafael компаниясы бул системаны 2000-жылдардын башында иштеп чыгып, 2011-жылы пайдаланууга берген. Ар бир батарея 1,5 миң чарчы чакырым аймакты коргойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы кантип чечилгенин айтып берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине чакан маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы кандай шарттарда чечилгенин, шахматтын доскасы сыяктуу жайгашкан үйлөрдүн тагдыры кандай болору тууралуу айтып берип, кыскача маек курду. «Чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүнүн өкмөттөр аралык […]

You May Like