Трамп актёр Сильвестр Сталлонени өзүнө элчи кылды

Автор

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп актер жана режиссерлор Мел Гибсон, Сильвестр Сталлоне жана Жон Войтту Голливуддагы атайын элчилери кылып дайындады.
Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы аккаунтунда жарыялады. “Мен үчүн Жон Войтту, Мел Гибсонду жана Сильвестр Сталлонени укмуштуудай, бирок, өтө эле тынч эмес жердеги, Голливуд, Калифорнияда атайын элчи кылып дайындаганымды жарыялоо чоң сыймык”,-деп жазды АКШнын президенти.
Анын айтымында, элчилердин негизги максаты Голливудду мурдагыдан да чоңураак, жакшыраак жана күчтүүрөөк кылууга жардам берүү. Муну ишке ашыруу үчүн АКШнын башчысы акыркы төрт жылда киностудия жоготкон кардарларды кайтарууну көздөйт. “Бул үч таланттуу адам менин көзүм менен кулагым болот. Мен алардын сунуштарын ишке ашырам. Жакында Голливуддун алтын доору кайра келет”,-деп жыйынтыктады Трамп.
The New York Times басылмасынын маалыматына караганда соңку жылдары чет жактагы сатылган билет саны кыйла төмөндөгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте "Ден соолук" спартакиадасы башталды

Бүгүн, 17-январда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайлардын кызматкерлери арасында “Ден соолук” спартакиадасы башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спартакиада спортту жайылтуу, сергек жашоого тартуу максатында уюштурулууда. Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген: Футзал; Стритбол; Тогуз коргоол; Стол теннис; Волейбол; Шахмат; […]

You May Like