АКШда президенттик шайлоонун бюллетендери толугу менен саналып бүттү. Акыркы талаштуу штат Аризонада шайлоо Дональд Трамптын жеңиши менен жыйынтыкталды. Жалпысынан шайлоо марафону боюнча ал 312 шайлоочулар коллегиясынын добушун алды. Камала Харристте 226 добуш бар. Жеңишке жетүү үчүн талапкерлердин ар бирине 270 добуш керек болчу. Абсолюттук сан боюнча Трампка 74,5 миллион адам добуш берди. Атаандашын 71 миллиондон азыраак адам колдоду.
АКШда Конгресске шайлоонун добуштары эсептелип жатат. Сенатта республикачылар буга чейин көпчүлүктү камсыздашты. The Washington Post басылмасынын божомолуна ылайык, жогорку палатадан алар 53 орунду, ал эми демократтар 46 орунду алышат.
Украинага жардам көрсөтүү жагы Конгресстен көз каранды. Республикачыл тараптын бир көйгөйү бар. Анда партиянын Киевди колдогон мүчөлөрү бар. Декабрда бул маселе талкууланары белгилүү. Анткени бюджетти кабыл алуу зарыл. Балким, бул учурда дагы талаш чыгат. Бирок алар бул чечимди үч-төрт айга чейин дагы артка жылдырып коюшу мүмкүн деген божомол бар.
Financial Times басылмасы Трамптын саясатынын экономикага тийгизе турган таасирин анализдеп жатат. Нефть өндүрүүчүлөр, айрыкча, республикачылдын чийки затты өндүрүү боюнча экологиялык нормаларды жумшартуусун күтүп жатышат. Анткени шайлоо жарышында Трамп өлкөнүн стратегиялык мунай запасын толтурууга жана күйүүчү майдын баасын төмөндөтүүгө бир нече ирет убада берген.