Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-августта саат 17:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда күн күркүрөп, чагылган түшүп болжол менен 60 даана койго чагылган тийген.
Жерине техникалар бара албайт. Бүгүн, 16-августта Жарандык коргоо комиссиясы ат менен барары жана кошумча маалымат береле тургандыгы айтылды.