Кыргызстандын “Эркештам” жана “Торугар” өткөрмө пунктары 24 саат иш алып барат. Мындай маалыматты Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди. “Кытай тараптын өткөрмө пунктары 8 саат гана иш алып барышат. Ошол 8 сааттын ичинде биз ары жактан чыккан жүктөрдү көзөмөлдөп, регистрациядан өткөрүп жана документтерин тактап үлгүрөбүз. Ал жактан жүктөр Бишкек шаарына бир суткада жетип келет. Ал эми өткөрмө пунктундагы иштер 1-1.5 саат аралыгында бүтөт”, – деди башкы бажычы.